Советтик жана Кыргызстандын кинорежиссеру, сценарист, актер Болот Шамшиев жерге берилди

Советтик жана Кыргызстандын кинорежиссеру, сценарист, актер Болот Шамшиев жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатыы зыйнаты бүгүн Опера жана балет театрында өттү. Болот Шамшиев 1941-жылы туулган.   Ал “Ак кеме”, “Караш-Караш”, “Сүйүү закымдары” жана башка бир катар белгилүү тасмалардын режиссёру жана кыргыз кереметинин көрүнүктүү өкүлү болуп… Кененирээк…

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын тургуну калып калган. Шахтадагы сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылды, — дешти министрликтен. Эске салсак,… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-85-чакырымдарына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү. Жабыркагандар жок. Учурда аталган трасса убактылуу кыймылга жабылды. Аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот. Бул тууралуу Бишкек асфальт сервис ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтүп, ар бир районго 10 чакырымдан туура келет. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом каралууда. Кошумчаласак, кийинки жылы Кытайдын эсебинен Бишкекте 70 чакырымдан ашык… Кененирээк…

Нарында 1 жарым миллион сомдук балаты орнотулууда

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтына 1 жарым миллион сомдук балаты орнотулууда. Аталган шаардык мэриядан билдиришкендей, кыш сулуусунун узундугу 12 метрди түзөт. Туурасы 4 жарым метрге жетет. Балаты жандыруу бүгүн кечинде өтөт. Белгилеп кетсек ордо калаада жаңы жылдык балаты 13-декабрда жандырылды.

Бишкекте январь айында муз скульптураларынын көргөзмөсү өтөт

Бишкекте январь айында муз скульптураларынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Көргөзмө 5-январдан 13үнө чейин ордо калаада болот. Катышуучуларга чектөөлөр жок. Алдыңкы орун алгандарга акчалай сыйлык 70 миң сомго чейин ыйгарылат. Ошондой эле катышуучуларга да жаңы жылдык белектер тапшырылмакчы. Арыз менен эскиздер 5-январга… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунун айылдарында таза суу долбоору ишке ашууда

Жети-Өгүз районунун айылдарында таза суу долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, ага дүйнөлүк банктын эсебинен 40 миллион сом каралды. Учурда Тосор айылында баштапкы этап старт алып, 17 миллион сомго иштер башталды. Ал эми айылды таза суу менен камсыз кылуу иштерин жергиликтүү… Кененирээк…

Бишкектеги № 36 автобустун багыты өзгөртүлдү

Бишкектеги № 36 автобустун багыты өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми коомдук унаа Жибек Жолу проспектисинен Осмонкул көчөсүнө кирбейт. Мындан ары № 36 автобус «Ак-Ордо» калктуу конушунан Лермонтов көчөсүнө ейин гана каттап баштайт. Коомдук унаанын багыты өзгөрүшүнүн себеби, айдоочулар мурдагы жол тилкелерде унааларын туура эмес токтотушуп,… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда. Иштерди Жер колдонуу башкармалыгынын кызматкерлери “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө. Бул ирет Абдрахманов, Элебесов көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинде 50дөн ашык жарнамалык баннер алынды.   Ошондой эле, бир нече унаа жуучу жайлары жана соода павильону түрттүрүлдү. Бул жаатта иштер… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар тузагынан 2 унаа куткарылды

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар тузагынан 2 унаа куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 74-75-чакырымдарында 6 жүргүнчүсү менен машинелер  калың кардан чыга албай калган.   Жерине атайын техника тартылып, кар тазаланды, айдоочулар сапарын улашты. Ошондой эле, Ош-Исфана унаа жолунда узун тыгындар жаралды. Жолчулар… Кененирээк…