Пандемияга каршы күрөшүп жаткан ар бир ооруканага өкмөттүн кызматкери бекитилет. Премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялагандай, чиновниктер алардагы орундун туура бөлүштүрүүсүнө көз салат.
Белгилеп кетсек, социалдык тармактарда колдонуучулар оорукана жетекчилери өздөрүнүн дос-тааныштарына орундарды ээлеп, катардагы бейтаптарды кабыл албай жатканына арызданышкан.