Ордо калаанын борборунда Бишкек баатырга арналган айкел орнотулат

Ордо калаанын борборунда Бишкек баатырга арналган айкел орнотулат.

Скульптордук-композиция сүрөтчү-скульптор Адиль Сейталиевге таандык.

Ал 2019-жылы Бишкек башкы курулуш архитектура ишканасы уюштурган мыкты

долбоор сынагында жеңишке жеткен. Эстелик Эркиндик бульвары жана

Чүй проспектисинин кесилишинде пайда болот. Учурда курулушка даярдык

иштер жүрүп жатат. Айкел үчүн марафон учурунда демилгени

көтөрүп чыккандар тарабынан дээрлик 8 миллион сом чогулду.