Чүй облусунда дагы бир оорукана оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Кеп, Жайыл райондук бириктирилген аймактык ооруканасы тууралуу болуп жатат.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, иштерге 11 миллион 835 миң сом
сарпталары пландалууда. Эске салсак, буга чейин Токмок шаардык аймактык
бириктирилген ооруканасын калыбына келтирүүгө тендер жарыяланган.
Ага 12 миллион 411 миң сом жумшалат.