Президенттик аппараттын чыгымдары эки эсе көбөйгөн

 

Каржы министрлигинен маалым болгондой, президенттик администрациянын 2021-жылга бюджети 334,5 миллион сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 100,5 пайызга көп чыгымдалды.

 

Каражаттын 167 миллион сомго көбөйүшү республиканын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы функционалдык жана структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу болгон.