Чүйдө аз камсыз 4 миң 200 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды.

 

Парламенттен билдиришкендей, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тентишев жалпы 4 миң 200 үй-бүлөгө 1 каптан ун жана азык-түлүк салынган баштыктарды таратты.

 

Кайрымдуулук иш-чарасы калктын аярлуу катмарына кам көрүп, элдин ынтымагын бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду кайрымдуулукка үндөө максатын көздөйт.