Чүйдө форель үчүн жем даярдаган завод ачылды

Кыргызстандын Чүй облусунда Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен форель үчүн европа сапатындагы жем чыгарган завод ачылды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Долбоорду жеке компания ишке ашырган. РКӨФ 1,3 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп берди. Бул — жалпы сумманын 70 пайызы.
Заводго заманбап жабдуулар орнотулуп, бардык эл аралык стандартка жооп берет. Максаты — жергиликтүү өдүрүштү өнүктүрүү.
РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков балык экспортунун потенциалы Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. 2020-жылы өлкөдө 5 миң тонна балык өстүрүлсө, 2022-жылы бул көрсөткүч 20 миң тоннага жеткен.
«Өстүрүлгөн балыктын 70 пайыздан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарылат. Буга чейин балык чарбалары үчүн жем өндүрүлгөн эмес. Мындан улам РКӨФ бул долбоорду колдоону чечкен. Бул биздин өлкө үчүн уникалдуу завод болуп саналат», — деди Новиков.