Килиан Мбаппе ПСЖ менен келишимди узартуудан баш тартты

Килиан Мбаппе ПСЖ менен келишимди узартуудан баш тартты.

 

Ал кийинки жылдын июнь айынан тарта эркин агент болот. Форвард менен клубдун келишими эмки жайда соңуна чыгат жана бир сезонго узартуу шарты каралган.

 

Мбаппе бул мүмкүнчүлүк менен колдонгусу келбейт, — деп билдирет L’Equipe. Болжол менен футбол жылдызы “Реалга” өтүүнү пландап жатат. 24 жаштагы Килиан Мбаппе ПСЖ үчүн 2018-жылдан бери ойноп, Франциянын 5 жолку чемпиону болууга жетишти.