Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөө  керектигин эскертет

Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөө  керектигин эскертет.  Улуттук энерго холдингдин жетекчисинин орун басары Асхат Бердиев билдиргендей, акыркы суткада кыргызстандыктар электр энергиясын колдонуунун рекордун коюшту.

 

24 саатта өлкө калкы 68 миллион 800 миң киловатт саат коротту.  Бул кескин суук болуп кеткенине байланыштуу.

 

Андан улам, жарандарга үйлөрүн көмүр же газ менен жылытуу сунушу берилди. Эске салсак, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү аз болуп, электр энергиясы коңшу Казакстандан импорттолуп жатат.