Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу жана аны өткөрүүдө ири каржылык бузуулар аныкталды

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу жана аны өткөрүүдө ири каржылык бузуулар аныкталды. Эсептөө палатасы 1 миллион 349 миң сом жетпей калганын билдирди. Айрым товарларды сатып алууда каражат багытсыз сарпталып, 37 огорку даражалуу конок мейманканаларга сынак өткөрүлбөй эле жайгаштырылган.

 

Ошондой эле, театралдык костюмдарды сатып алууда эң кымбат баа сунуштаган компания тандалып алынганы аныкталды. Аудиттин материалдары тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.