Кара-Кече көмүр кенинен калкка отун жеткирүү 15-сентябрда башталат.
Бул тууралуу Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Кара отун республикадагы көмүр кампаларына жеткирилет. Учурда
өлкө боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Кара-Кече көмүрү мурдагы
жылдардай эле тоннасы 1 миң 330 сомдон. Сатуудагы бааларды
монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик комитети бекитет.