Чек арадагы үйлөрдү калыбына келтирүү башталды

Кыргыз-тажик жаңжалында жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү иштери башталды.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керектигин билдирди.

Кырдаалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо уланууда.

Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жалпы 622 үй жабыркап, анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталды.

Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП 323 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн.

Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 машине талкаланган.