Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,5 миллиард кубометрден ашты

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,5 миллиард кубометрден ашты. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 1 миллиард 300 миллионго көп.

 

Учурда өлкөнүн башкы резервуарына суу секунасына 281 кубометрге толуп жатса, чыгышы дээрлик эки эсе аз – 144 куб. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда.