Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого баллы бекитилди

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого баллы бекитилди.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды.

 

Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы 115, предметтик тест 60 болуп бекиди. Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайларга босого балл же андан жогорку упай алган абитуриенттер гана кабыл алынат.