Ордо калаадагы Уркуя Салиева көчөсү көрктөндүрүлөт

Ордо калаадагы Уркуя Салиева көчөсү көрктөндүрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, иштер көчөнүн Лермонтов тилкесинен

Курманжан Даткага чейинки бөлүгүндө аткарылат. Жалпы узундугу 4 миң 200 чарчы

метр жерге көк майсан себилип, бадалдар жана чоң жалбырактуу көчөттөр отургузулат.

Учурда жерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Белгилеп кетсек, жашылдандыруу иштери

«Жал» кичи районунда Тыналиев көчөсүндө да жүрүп жатат.

Бул жерге көк майсан себилип, көчөттөрдү отургузуу пландалууда.