Ички иштер министрлиги Кыргызстанда интернет өчүрүлөт деген маалыматты четке какты. Министрдин орун басары Алмаз Орозалиев билдиргендей, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.
Ошондой эле, Орозалиев Бишкек-Ош трассасы жабык деген билдирүүнү төгүндөдү. Жол ачык, кыймылга чектөөлөр жок. Бирок ага карабай, жарандарга бул күндөрү сапарга чыкпай, үйдө отуруу сунушталат, — деп белгиледи Орозалиев.