Чолпон-Атада бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги старт алды

Ысык-Көлдө бильярддын эркин пирамида түрү боюнча 19 жашка чейинкилер арасында Дүйнө биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

 

Биринчиликке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түркмөнстан жана Беларустан келген спортчулар катышууда. Мелдеш “Газпром — балдарга” дене тарбия комплексинде өтүүдө.

 

Белгилей кетсек, 19 жашка чейинкилер арасында бильярд боюнча дүйнө биринчилиги 12-июлдан 15-июлга чейин уланат. Ал эми 16-20-июль күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиондугу өтөт.