Чолпон-Атада «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммити өтүп жатат

Чолпон-Атада «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммити өтүп жатат. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга Садыр Жапаров төрагалык кылууда.

 

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел катышууда.

 

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер минстри Жээнбек Кулубаев иш-чарада Борбор Азиянын Европа Биримдиги менен ар тараптуу кызматташтыгы талкууланарын билдирген.

 

Эске салсак, аталган саммит биринчи жолу былтыр октябрда Казакстандын борбору Астанада өткөн.