Бишкектин айрым райондорунда 6-июнда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө ЧЧК — Аул көчөсү — Элебесов көчөсү — Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында ичүүчү суу болбойт.
Мунун себеби Арал тилкесиндеги (Каражыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.