Бишкекте кыска метраждуу кинофильмдердин эл аралык фестивалы өтүүдө

Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестиваль башталды.
Бир нече күнгө созула турган иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналат. Байге фонду 500 миң сом.
Фестивалга КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын өкүлдөрү катышууда.
Кинолор 18-июлдан 22-июлга чейин күн сайын саат 17:00дө көрсөтүлүп турат.