Казакстанда дагы бир шаар карантинге жабылат

Казакстанда коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу 3-апрелден баштап өлкөнүн түндүгүндөгү Петропавловск шаары карантинге жабылат. Бул тууралуу Түндүк Казакстан облусунун акими Кумар Аксакалов билдиргенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

 

«3-апрель күнү саат 00:00дөн баштап Петропавловск шаарында карантин киргизүү чечими кабыл алынды. Карантиндин негизги милдети — коронавирусту жайылтпоо. Дагы башка көптөгөн катуу чаралар киргизилет», — деп билдирген аким.

 

Акимдин билдиришинче, Петропавловск шаарынын көчөлөрү толук дезинфекцияланат жана коомдук жайлар, сейил бактар, соода борборлору толугу менен жабылат.

 

Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу Казакстанда коронавирус оорусун 423 адам жуктуруп алган жана бул оорудан 3 адам каза болгон.