Кыргызстанда туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү электрондук реестри түзүлөт

Кыргызстанда туристтик ресурстардын жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү электрондук реестри пайда болот.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, реестрди жүргүзүү милдети туризм тармагындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

Реестрге ресурстардын абалы, алардын географиялык жайгашуусу, чек аралары, аларды коргоо режими жана аларды пайдалануунун тартиби жөнүндө маалыматтар киргизилет.

Бардык маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.