Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда 1-блоктун темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды жана тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. 2-блоктун темир-бетон орнотуу иштери, ошондой эле сырткы инжинердик тармактарын куруу иштери уланууда.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты — 1  миң 390 чарчы метрди, жалпы аянты — 0,68 гектарды түзөт.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн — зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар каралган.