Дүйнөдөгү эң улгайган жубайлар баш кошконуна 80 жыл болгонун белгилешти.
Алар 106 жаштагы Джон жана 105 жаштагы Шарлотта Хэндерсон.
Джон 80 жылдык маарекесинин урматына Шарлоттага алгачкы жолугушуусун эскертип,
1920-жылы чыккан эки орундуу унаага отургузуп, ага гүл тартуулады. Алар 1939-жылы
баш кошуп, Гиннес китебине дүйнөдөгү эң улгайган жубайлар деп киргизилди.