Ош мамлекеттик университетинин 3,6 миллион сомдук жери мэрияга кайтарылды

Ош мамлекеттик университетине караштуу 3 миллион 660,9 миң сомдук жер тилке 13 жыл мурун жеке

менчикке өтүп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык Курманжан датка көчөсүнүн №262а дарегинде жайгашкан Ош мамлекеттик университетине

караштуу 154 чарчы метр жер тилкесин мэрия А.С. аттуу жаранга берип койгону аныкталган.

Ошондой эле Ош шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан

аталган жаранга жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акт берилген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен шаардык прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана

укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арыздары толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилке мэриянын балансына алынды.