“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди.
Мындай чечим уюмдун тиешелүү комитетинин сессиясында кабыл алынды. Жыйын кечээ
ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында онлайн форматта өттү. Ага Маданият
министри күбө болду. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” тизмедеги Кыргызстан сунуштаган
биринчи номинация. Тизмеге дүйнө боюнча 601 сунуш түшкөн. Дүйнөлүк көчмөндөр
оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери уюштурулат. Буга чейин
ал биздин өлкөдө үч ирет өткөн. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
2022-жылдын сентябрына Түркияга белгиленген.