Бишкекте №16 орто мектептин кошумча корпусунун курулушу аяктады.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
225 орунга чакталган имарат пайдаланууга даяр. Жаңы мектеп 2 корпустан турат.
Долбоордун сметалык наркы дээрлик 50 миллион сом.
Каражат республикалык бюджеттин эсебинен берилди.