Кыргызстанда бензиндин запасы эки жумага жетет.
Бул тууралуу Novosti.kgге мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, Россиядан ири көлөмдө күйүүчү-майлоочу май алып келүү мүмкүн болбой жатат.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиршкендей, бензин 1 айга, дизель 2 айга жетет.
Кошумчаласак, баалардын өсүп жатканы байкалууда, бирок кескин көтөрүлүп кетүү коркунучу жок.