Кыргызстанга жакынкы арада Синофарм кытайлык вакцинасынын дагы 150 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга жакынкы арада Синофарм кытайлык вакцинасынын дагы 150 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, кытайлык препарат гуманитардык негизде акысыз берилет. Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борборунун линиясы менен өлкөгө кытайлык вакцинанын 150 миң дозасы жеткирилген. Препарат 25-28 күндүк аралык менен эки ирет сайылат.