Евробирикме Кыргызстанга республикалык бюджетти колдоого 24 миллион 800 миң евро бөлүп берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, каражат пандемиянын социалдык-экномикалык кесепеттерин жумшартууга жана бюджет дефицитин жоюуга жумшалат.
Тактап айтканда, грант медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин айлыгыктарын жана пособия, пенсияларды берүүгө багытталышы керек.