Бишкекте мигранттар үчүн акысыз бизнес курстар ачылды

Мекенине кайтып келген эмгек мигранттары үчүн Бишкекте акысыз бизнес курстар ачылды. Бул тууралуу Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.

 

Бизнес ачуу боюнча кеңеш алуу үчүн жаран 18 жаштан жогору жана чет өлкөдө иш тажрыйбасы болушу керек.

 

Мындан тышкары, бардык жумушсуз жарандар 60 адистик боюнча акысыз окуу курстары жана ишмердүүлүктүн ар кандай тармагындагы бош орундар боюнча кеңеш ала алышат.