Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.