Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө бересеси 5 миллиард 578 миллион долларга жетти.

 

Сумманын 4,5 миллиард доллары тышкы карыз болсо, калганы ички береселер. Ал эми 2021-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик карыз 5 миллиард  147 миллион доллар болчу. Бир жылда бересенин суммасы 431 миллион долларга өскөн.