Лионель Месси “Барселонадан” кетти

Лионель Месси “Барселонадан” кетти.

Бул, испания лигасындагы каржы көйгөйлөрүнөн улам.

Учурда “Барселонанын” банктарга карызы 1 миллиард евродон ашат.

Бул сумма оюнчуларга маяна берүү үчүн алынган. Месси клуб башчылары менен

сүйлөшүүдөн кийин, айлыгынын 50 пайызын гана алууга макул болуп, келишимди узартмак.

Бирок команда бул маселени дагы чече алган жок.  Андан улам 34 жаштагы

футболчу клубдан кетти жана ал учурда эркин агент. Ага «Манчестер Сити» жана

«ПСЖ» курама командалары талапкер болууда. Эске салсак,

Месси каталондук клубта 778 беттеш өткөрүп, 672 гол киргизди.