ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет

Эл аралык футбол федерациясынын президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. ФИФАнын башчысынын сапары 4-5-майга белгиленген.

 

Бул Инфантинонун биздин өлкөгө биринчи сапары. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугушат.

 

Алар биргеликте Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары пландалууда. Мындан тышкары, Кыргыз футбол бирлигинин демилгелери, өлкөдөгү футболду жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланат.