Кочкорго Чакан ГЭС курулат. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул боюнча Кореядан келген делегация менен макулдашылды.
Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттин Ганвон-до Инже округунун жана Түштүк Кореянын Экология министрлигинин, экокорпорациясынын кызматкерлеринен турган топ Нарын облусунда ГЭС курула турган аймак менен таанышты.
Бирок гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу, ага канча каражат сарпталары азырынча кабарланган жок.