Францияда вакцина албаган медицина кызматкерлерине айлык төлөнбөйт

Францияда вакцина албаган медицина кызматкерлерине айлык төлөнбөйт. Бийлик эмдөөдөн өтүүгө берген 3 ай аяктады. Бирок жарым миллиондон ашык дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер вакцина алган жок.

 

Себептери ар кандай.

 

Айрымдары препарат жакшы изилденген эмес дешсе, кээ бирлеринде жөн гана каалоосу жок. Ал эми бир дарыгер вирус дайыма мутация болгонун эске алып, ал    50 жолу эмделгиси келбегенин жарыялады.