Футбол боюнча Европа чемпионатынын күндөлүгүнөн

Футбол боюнча Европа чемпионатынын күндөлүгүнөн. Түндө турнирдин плей-офф бөлүгүнө дагы 2 курама чыкты. Бельгиянын футболчулары Данияны 2:1 эсебинде жеңди.

 

Голдорду Торган Азар жана Кевин Де Брюйне киргизди. Андан тышкары, Нидерланды курамасы Австрияны 2:0 эсебинде утуп, кийинки бөлүккө жолдомого ээ болду. Үчүнчү беттеште Украина Түндүк Македония курамасына үстөмдүк кыла алды.