Футзал боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы
КМШ оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы эсепте 4-орунду ээледи.
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча
мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Оюн 4-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өттү.
Алгач тайпалык этапта Беларустун курама командасы менен кез келип,
ага 0:2 эсебинде жеңилген. Ал эми экинчи беттешинде Азербайжанды
8:3 эсебинде жеңип, кийинки этапка өткөн.
Жарым финалда Россия курама командасы менен ойносо,
коло байге үчүн күрөштө Өзбекстан менен беттешип 4:3 эсебинде жеңилди.