Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган туннель пайда болот

Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргой турган туннель пайда болот.

Аны менен катар туннелге барчу жолдун эки тарабы дагы жасалат. Бул тууралуу

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.  Маалыматка караганда,

анын узундугу 460 метрди түзөт. Курулушка 39 миллион доллар керектелет,

каражатты Япония гранттык негизде берди. Эске салсак, иштер 2019-жылы башталган.

Бирок пандемиядан улам убактылуу токтоп, эми кайра жанданды.

Учурга карата жумуштар 25 пайызга аткарылды.