Кыргызстанда 36 мектептин курулушу аяктап жатат

Кыргызстанда 36 мектептин курулушу аяктап жатат. Алар 1-сентябрда ачылат. Дагы 60 жалпы билим берүү мекемеси жыл аягына чейин колдонууга берилет. Айрым мектептер жаңыдан салынса, кээ бирлеринде ири жаңыртуу иштери жүрүүдө.

 

Эске салсак, жалпысынан Кыргызстанда 2 миң 300 мектеп бар. Алардын көбүндө балдар  2-3 смен менен окушат. Жаңы окуу мекемелеринин ачылышы менен маселе жарым жартылай чечилет. Бишкекте эле 10 миңдей орун жетишсиз. Өкмөттө алдыңкы жылдары көйгөйдү чечүү боюнча программа иштелип жатат.