Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү

Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

 

Мындай чечим жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын жеке турак жай курууга арыз берген тургундарынын саны 3 миңден ашат.

 

Учурда ал жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.