Газдалган таттуу суусундуктарды үзгүлтүксүз ичүү мээ ооруларына алып келет

Газдалган таттуу суусундуктарды үзгүлтүксүз ичүү мээнин саламаттыгына жана жүрүм-турумга байланыштуу көйгөйлөргө алып келет.

Мындай тыянакка бразилиялык илимпоздор келемиштерге эки ай бою жогорудагы суусундуктарды бергенден кийин келишти.

Эксперименттин алкагында кемирүүчүлөрдү эки командага бөлүп, биринде алар күн сайын суу ичсе, экинчисине газдалган суу беришкен.

Эки айдан кийин жаныбарлар лабиринтке жайгаштырылды.

Натыйжада, биринчи команданын келемиштери андан кыйынчылыксыз чыгышса, экинчи топтогу кемирүүчүлөр эс тутуму начарлап, тапшырманы кыйынчылык менен аткарышкан.