Кыргызстанда доллар курсу кайрадан 85 сомго жакындады

Кыргызстанда доллар курсу кайрадан 85 сомго жакындады.

Бүгүн ордо калаадагы акча алмаштыруу жайлары долларды 84 сом 30 тыйындан сатып алып,

84 сом 80 тыйындан сатышууда. Ал эми Улуттук банкта көрсөткүч 84 сом 48 тыйын чегинде бекитилип турат.

Муну менен дем алыш күндөрү америкалык валюта 30 тыйынга кымбаттады. Өлкөнүн башкы каржы

мекемесинен белгилешкендей, 2020-жылы доллар расмий түрдө сомго карата

19 пайызга кымбаттады. Тагыраагы, 1 доллар 69 сомдон 82 сомго жетти