Германияда чочкону аракечтиктен айыктырышты

Германияда чочкону аракечтиктен айыктырышты.

Окуя Липпеталь коммунасында болгон.

Жаш каман кир батирде жашап, чипсы менен гана тамактанып, анын артынан спирт ичип жүргөн.

Бирок көп өтпөй жаныбарлардын укугун коргоочулар Эберхард аттуу чочконун абалын билип калышкан.

Алар малды ээлеринен алып, баш калкалоочу жайга беришкен.

Ветеринарлар чочкону бир нече жуманын ичинде алкоголдон алыстатып, ден соолугун калыбына келтиришти.