Нидерланддын Харлем шаары этти жарнамалоого тыюу салат

Нидерланддын Харлем шаары дүйнөдө биринчилерден болуп этти жарнамалоого жарым-жартылай же толугу менен тыюу салат.

Бийлик бул чечимди эт өндүрүүчүлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасирине каршы күрөш менен байланыштырууда.

Жаңы эрежелер 2024-жылы күчүнө кирет.

Тыюу коомдук жайларда гана колдонулат.

Өз кезегинде эт ишканаларынын өкүлдөрү жана айрым саясатчылар бул чечимди сынга алышууда.

Тыюу салууга каршы чыккандар муну цензуранын жана стигматизациянын бир түрү деп эсептешет.