Бишкектин борбордук бөлүгү 1 айга газы жок калды

Бишкектин борбордук бөлүгү 1 айга газы жок калды. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 20-июлга чейин көгүлтүр от Осмонкул, Толстой, Бейшеналиева, Малышев, Баялинов, Жибек Жолу көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр газ куурларын алмаштыруу жана оңдоо иштерине байланыштуу.