Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында 18нен 19-сентябрга караган түн тынч өттү, бирок абал дагы деле чыңалуу бойдон.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок.

УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Чек арадагы куралдуу кол салууга байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүп жатат.