Сиань–Бишкек–Сиань багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды

Сиань–Бишкек–Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы авиакаттам ачылды.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектен Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылды.

Каттам жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү болуп турат.