Индия эки жумадан бери уулуу түтүндөн жапа чегип жатат

Индиянын ири шаарларынын тургундары экинчи жумадан бери уулуу түтүндөн жапа чегип жатышат. Кир аба Нью-Делиде, Мумбайда жана Калькуттада байкалат.

 

Абал салттуу Дивали майрамынан кийин, жүздөгөн петардалар асманга атылганда курчуган.

 

Өлкө бийлиги кырдаалды түтүнгө каршы атайын куралдын жардамы менен чечүүгө аракет кылууда. Аппарат суу негизиндеги туманды чачат, ал өз кезегинде абадагы катуу бөлүкчөлөрдүн көлөмүн азайтууга жардам берет.